• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги №10 ҮБДнын базасында "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасы ачылды

Ден соолук 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. Күн мурун №10 Үй-бүлөлүк медицина борборунун базасында "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасынын ачылыш аземи өттү. Иш-чарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты, деп билдириди ведомствонун басма сөз кызматынан.

Министр өз сөзүндө республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын базасында "Эл Аман" мамлекеттик аптекалар тармагынын ачылышы өлкөнүн калкын жеткиликтүү жана сапаттуу дары-дармек менен камсыздоого умтулуу экендигин белгиледи.

Мамлекеттик аптека өлкөдөгү жеке дарыканаларга салыштырмалуу 10-15% арзандатылган жеткиликтүү баада дарылардын кеңири ассортиментин сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий