• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги №18 мектептин кошумча корпусунун курулушу жаңы окуу жылына чейин бүткөрүлөт

Коом 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Бишкек мэриясы Карагай кыска көчөсүндөгү №18 мектептин кошумча корпусунун курулушу кайсы баскычка келгенин айтты.

Алардын маалыматына караганда, 225 орунга ылайыкталган мектептин курулушу дээрлик даяр болуп калды. Азыр имараттын ички иштери буткөрүлүүдө.

Жаңы корпуста окуучулар жана мугалимдер үчүн заманбап окуу бөлмөлөрү, компьютердик класс, китепкана, санитардык жана техникалык бөлмөлөр каралган.

Мекеменин курулушун Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын арызы менен “Дастан курулуш компаниясы” жүргүзүүдө.

Жаңы корпустун курулушу жалпысынан 40 млн 978 миң сомду түздү, бул каражат коррупцияга каршы күрөш боюнча депозиттик эсептен бөлүнду. Курулушту 2021-2022-окуу жылынын башына бүткөрүү пландалууда.

Биринчи май районундагы №18 жалпы билим берүүчү орто мектеп 1967-жылы колдонууга берилген, бүгүнкү күндө 460 окуучуга ылайыкталган мектепте 1420 окуучу окуп жатат.

Пикир

Оставить комментарий