• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги №47 түзөтүү мекемесинде өрт чыккан — ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 10.05.22. /Кабар/. Бишкектин Маликов көчөсүндөгү №47 түзөтүү мекемесинде өрт чыкканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мекеменин ичинде 200 чарчы метр шифер менен жабылган эки кабаттуу имараттын чатыры жана үч бөлмөсү күйгөн.

Өрттүн себеби такталууда.

Белгилей кетсек, сутка ичинде республиканын аймагында жети өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө сегиз бөлүм тартылган.

Пикир

Оставить комментарий