• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги №8 бала бакча капиталдык оңдоодон өтүп жатат

Коом 0

Бишкек, 01.11.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Чокморов көчөсү, 253 дарегинде жайгашкан №8 мектепке чейинки билим берүү уюму капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бала бакчанын эки кабаттуу имараты 120 орундуу, 4 тайпага ылайыкталган. Имараттын аянты 483,42 чарчы метрди түзөт.

"Бүгүнкү күндө инженердик коммуникация тармактарын орнотуу иштери аяктады. Бала бакчанын ички жана тышкы жасалгасы, аймагын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ар бир тайпага өзүнчө аянтчалар курулат", - деп белгилешти муниципалитеттен.

Капиталдык оңдоп-түзөө иштерин 2022-жылдын декабрында бүтүрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий