• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги батирлердин биринен пенсионердин сөөгү табылды - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Бишкек шаарындагы батирлердин биринен пенсионердин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар 14-сентябрь күнү саат 18:10до Ленин районунун Турусбеков көчөсүндө жайгашкан №41 батиринде жабылып калган эшикти ачышкан. Батирдин ичинде 1956-жылы туулган аял кишинин сөөгү табылган.

Куткаруучулар маркумдун сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий