• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги биринчи жөө жүргүнчүлөр үчүн көчө 2019-жылы ачылат

Коом 0

Бишкек, 21.09.18. /Кабар/. Бишкектеги биринчи жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер үчүн көчөнүн курулушу 2019-жылдын январь айында жыйынтыкталат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Бишкекасфальтсервис” ишканасынын башчысы Мирлан Амантуров билдирди.

Ал жөө жүргүнчүлөр үчүн көчө мэрдин тапшырмасы боюнча курулуп жатканын айтты.

“Көчөнүн узундугу 3600 метрди, кеңдиги 4,5 метрди түзөт. Чарчы метр асфальт-бетон катмар үчүн 354 сом сарпталат. Көчөнүн чарчы метринин сметалык баасы 1100 сомду түзөт. Жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар ушундай эле узундукта, кеңдиги 2,5 метр. Велосипед үчүн жолдун узундугу 3600 метр, кеңдиги 3 метр болот”, - деди ал.

Андан сырткары Мирлан Амантуров шаар башчысынын тапшырмасы боюнча экинчи жөө жүргүнчүлөр үчүн көчөнүн курулушу үчүн аймак изделип жатканын айтты.

“Биз Төрөкул Айтматов көчөсүнөн Алматинка көчөсүнө чейинки жерди вариант катары карап жатабыз. Ошондой эле велосипеддер үчүн жолдор Алматинка көчөсүн бойлой жайгашат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий