• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги кампадан чыккан өрттөн 2 кабаттуу үйдүн чатыры күйдү. Сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. Бишкектеги Масалиев жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан күйүүчү май сактоочу кампада өрт чыкты. Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жана каза болгондор жок.

ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, күйүүчү май сактоочу кампадан чыккан өрт саат 11:24тө чектөөгө алынган. Өрттүн кесепетинен кампа, 2 кабаттуу турак жайдын чатыры күйгөн, болжол менен 640 чарчы метрди түзөт.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракеттеринин натыйжасында, тилсиз жоо жакын жайгашкан кафе, башка турак жайларга өткөн жок. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий