• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкектеги “Үмүт үйү” мекемесинде жаз майрамы – Нооруз белгиленди

Коом 0

Бишкек, 21.03.24. /Кабар/. Бишкек шаарында “Үмүт үйү” социалдык-стационардык мекемесинде жаз майрамы – Нооруз белгиленди, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, борбордун кызматкерлери камкордукка алынгандардын өздөрүнүн жана жумушчулардын катышуусунда “Кыргыз элинин салттары” аттуу майрамдык сынак уюштурушту.



Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрү, демөөрчүлөр жана башка коноктор катышты.

Мелдешке камкордукка алынган бардык мекемелер өзгөчө шыктануу менен катышып, берилген тапшырмаларды аткарышты.


Маалымат: Бүгүнкү күндө “Үмүт үйү” социалдык стационардык мекемесинде 210 адам жашайт. Мекеменин бардык тарбиялануучуларына социалдык, медициналык, турмуш-тиричилик кызматтары акысыз көрсөтүлөт. Алар кийим-кече, бут кийим жана биринчи керектуу буюмдар менен толук камсыз кылынган.

Пикир

Оставить комментарий