• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги түнкү клубдардын биринен 18 жаштагы студент каза болду

Коом 0

Бишкек, 29.10.18 /Кабар/. Бишкектеги түнкү клубдардын биринен кечээ, 28-октябрда 18 жаштагы студент мушташтан улам каза болду. Мушташты баштаган эки жигит кармалды.

Шаардык милиция кабарлагандай, кечээ күнү саат 01:30дар чамасында күзөт бөлүмүнө түнкү клубдардын биринде мушташ болууда деген билдирүү келип түшкөн. Жерине ыкчам топ барганда, жаңжал чыккан жерде эсин жоготкон жигит табылган. Ал кийинчээрек эсине келбестен каза болгон. Маркум 2000 жылкы Б.А. аттуу жаран болуп чыккан.

Териштирүүлөрдүн жыйынтыгында жигиттер ортосунда чыр чыгып, мушташка айланып кеткендиги аныкталган.

Маалым болгондой шектүү деп М.у.А. , жана О.Р., аттуу 2001-2000-жылы туулган эки жаран кармалды. Шектүүлөр шаардык милиция башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий