• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкектик келин баласы менен сейилдөө учурунда Ботаникалык бакчадагы таштандыны чогултат

Коом 0

Бишкек, 23.03.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкектик келин Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык бакчада баласы менен сейилдеген сайын башка эс алуучулар таштаган таштандыларды тазалайт. Бул тууралуу “Арча” Кыргызстандын табигый мурастарын сактоо боюнча демилгеси коомдук фонду facebook баракчасында билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, Сыйнат Джолдошева бакчанын туруктуу эс алуучусу жана анын паркка ар бир келиши тазалоо менен коштолот.

“Бала жаратылышты түшүнүп, анын кооздугун сезип, анын тилин билип, байлыгын сактоосу үчүн ага бул сезим кичинекей курагынан берилиши керек. Ал эми Ботаникалык бакчанын туруктуу эс алуучусу Сыйнат Джолдошева буга ачык үлгү. Күн сайын баласы менен сейилдеп жүрүп Сыйнат бакчада таштанды чогултат. Бүгүн биз аны менен тааныша алдык. Көрсө, жаш эне өзүнө таштанды тазалоо боюнча 100 күндүк белгилеп алган экен”, - деп белгилешти фонддон.

Гареев атындагы Ботаникалык бакча 1938-жылы негизделген. Бул республикадагы жергиликтүү флораны изилдеген биринчи илимий-изилдөө мекемеси болгон.

Пикир

Оставить комментарий