• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин айрым райондорунда 5 күн газ берүү токтотулат

Коом 0

Бишкек, 03.12.21. /Кабар/. 6-декабрдан 10-декабрга чейин Бишкек шаарынын айрым райондоруна газ берүү токтотулат. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай чара Бишкек шаарынын Курманалиев, 23 дарегинде жайгашкан жер алдындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө газдын сызылып чыгуусун токтотуу иштерине байланыштуу көрүлүүдө.

Оңдоо иштерине байланыштуу төмөнкү райондордо газ өчүрүлөт:

- Красный Строитель, «Керамическая» конуштарынын аймагында, Красный Строитель конушундагы от казанда, Элебесов, 211 дарегиндеги Кургак учук ооруканасында;

- Ала-Арча дарыясы, Айланып өтмө жолунда, Курманалиев, Зеленая, Завод, Кыргыз, Нурекская көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;

- Элебесов көчөсүндө Коллективная, Аул, Новосельская, кичи Чүй каналынын кесилишкен аймагында.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, аталган убакыт аралыгында тамак-аш жасоонун алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий