• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин Алыбаев көчөсүндө тротуар оңдолууда

Коом 0

Бишкек, 25.07.23. /Кабар/. Бишкектеги Алыбаев көчөсүн бойлой эки тарабына тротуар салынып, ирригациялык системасы орнотулуп, капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган көчөнүн Кривоносов көчөсүнөн Осмонов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө иштер пландалууда. Бүгүнкү күндө Крылов көчөсүнөн Осмонов көчөсүнө чейинки тротуарларга ысык асфальт төшөө иштери пландалган.

Учурда ирригациялык системаны орнотуу иштери аяктап, жол бордюрларын орнотуу иштери жүрүп жатат. 10 күндүн ичинде жолго асфальт төшөлөт.

Бул тилкеде иштер аяктагандан кийин бригада Крылов көчөсүнөн Кривоносов көчөсүнө чейин ишке киришет.

Пикир

Оставить комментарий