• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкектин борборунда тышкы жарнамалар эми кандай жайгаштырылат? Эскиздер

Коом 0

Бишкек, 07.06.23. /Кабар/.Бишкек мэриясы шаардын борборунда жайгашкан имараттардын фасадына жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун эскизин иштеп чыкты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Манас-Айтматов проспектилеринде жана Абдрахманов-Байтик Баатыр көчөлөрүндө жайгашкан имараттардын фасадына жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун эскиздик долбоору иштелип чыкты.

Алсак, төмөнкү даректерге эскиздер иштелип чыккан:

  • Токтогул көчөсү, 171/1;
  • Манас проспектиси, 7,9,10,16,22,22а,26,30,34,38,40,41,41а,47,49,57,59,164;
  • Москва көчөсү, 164,165;
  • Токтогул көчөсү, 171/1;
  • Байтик Баатыр көчөсү, 13, 35;
  • Айтматов проспектиси, 16.

Белгилей кетсек, зарыл болгон учурда муниципалитет ар бир имаратка жекече долбоорду иштеп чыгууну кароого даяр.

Эскерте кетсек, учурда Бишкек мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы Манас проспектисиндеги мыйзамсыз орнотулган кирүү эшиктерин, жарнамаларды, бастырмаларды алууда.

Пикир

Оставить комментарий