• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жакында Бишкектин Шүкүров көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу башталат

Коом 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Бишкек шаарында 24-марттан тарта Шүкүров көчөсүндөгү көпүрөнүн курулуш жумуштары башталат.

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинен билдиришкендей, көпүрө Чыгыш Чоң Чүй каналынын үстүнө салынып, Медеров көчөсүнө чыгарылат. Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолду кошо эсептегенде анын туурасы 15 метрди түзөт.

Белгилей кетсек, Шүкүров - райондук маанидеги башкы көчө. Жогору жагы Ахунбаев көчөсүнөн башталып, төмөнкү бөлүгү каналга такалып, туюкка кептелчү.

Долбоор ишке ашса, Ахунбаев менен Медеров көчөлөрү байланышат.

Пикир

Оставить комментарий