• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин спорт мектептерине жаңы жетекчилер дайындалды. Тизме

Кадр саясаты 0

Бишкек, 13.06.23. /Кабар/. Бишкекте бош кызмат орундарына өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы жана конкурстук комиссиянын чечими менен мэриянын Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин түзүмдүк бөлүмдөрүнө жетекчилер дайындалды.

Төмөндө жетекчилердин тизмеси:

- Аманкулов Кубанбек Качкынович - өспүрүмдөр спорт мектебинин директорунун шахмат боюнча орун басары болуп дайындалды;

- Чалов Базарбек Иткараевич - Бильярд жана велоспорт боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору болду;

- Жолчубеков Каныбек Байбекович - Р.Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору болду;

- Иван Викторович Сергиенко - теннис, паралимпиадалык жана спорттун күч түрлөрү боюнча спорт мектебинин директору болуп дайындалды;

- Абдурасулов Азамат Абдурасулович - Күрөш өнөрү боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору болду.

- Эсеналиев Куваныч Аманбаевич - мэриянын Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин алдындагы "Газпром балдар үчүн спорттук эс алуу комплекси" муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий