• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Байсалов «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашынын катышуучулары менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 13.05.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов президенттин администрациясында «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашынын республикалык финалдык айлампасынын катышуучуларынын мугалимдери, теледолбоордун продюссери, уюштуруучулары менен жолугушту.

Жолугушууда Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын “Манас” эпосу жөнүндөгү 2011-жылдын 28-июнундагы №59 Мыйзамынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – «Манас» эпосунун үчилтигин ( «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыгын жүзөөгө ашыруу алкагында кыргыз элинин көөнөргүс байлыгы “Манас” эпосун өспүрүмдөргө таанытып жана аны жайылтууга кошкон зор салымы үчүн билим берүү мекемелеринин өкүлдөрүнө жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.

“Манас” эпосунда “Кулалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым”,- деп Манас атабыздын айтканы жөн жеринен эмес. Эпосто түрдүү элдердин биргелешип, ынтымакта жашаганын көрүүгө болот. Мындай тарбия, билим алган жаштар өлкөбүздүн өнүгүшүнө жагымдуу шарттарды жаратып, бай маданиятка жана тарыхка ээ болууга өбөлгө түзөт”,- деп белгиледи Минкаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов.

Жолугушуу учурунда аймактардан келген мугалимдер “Манас таануу” теледолбоорунун алкагындагы кызыктуу учурлар жана жеке сунуштары тууралуу айтып беришти.

Пикир

Оставить комментарий