• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Биздин коом ала качууга каршы туруп, жапайы ыкмалардан алыс болушу керек — эксперттердин ою

Коом 0

27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлтүрүлүшү боюнча кабар коомчулуктун, бүтүндөй Кыргызстан элинин үрөйүн учурды. Мурдараак Айзада Канатбекованы топ балдар Бишкектин көчөлөрүнүн биринен ала качып кеткендиги тууралуу маалымат тараган. Үрөй учурган кабар күндүн башкы жаңылыгы болуп, ошондой эле коомчулукта аялдардын укугу жана коопсуздугуна байланыштуу бир катар курч көйгөйлөрдү көтөрдү.

Белгилей кетсек, 5-апрелде Бишкекте Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жаш кызды ала качып кетишти деген маалымат тарап, окуя видеого түшүп калган. Көп өтпөй 7-апрелде кыздын сөөгү жана ала качкан адамдын өлүгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган. Окуяга шектүү делип төрт адам кармалды.

Буга чейин ушундай эле окуя катталып, милиция бөлүмүндө 19 жаштагы Бурулайды ала качып бара жаткан адам өлтүрүп койгон. Анда Бурулайдын өлтүрүлүшү коомчулукта талкууга алынып, укук коргоо органдарына карата терс сын-пикирлерди жараткан. Коомчулук милиция бөлүмүндөгү кызматкерлерди шалаакылыгы үчүн жазалоону талап кылган, ал эми эксперттер улуттун руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнүн зарылдыгы жөнүндө айтып келишкен.

Буга карабастан, ушундай эле трагедия кайталанды. Эл кайрадан өлкө жетекчилигинен шашылыш чараларды талап кылууда.

Өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын ишин президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алды. Президент Айзада Канатбекованы ала качкандыгы жана анын өлүмү жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алгандыгын билдирген. "Коомубузда кыздарды мажбурлап никеге тургузуу дагы деле орун алып жатканы кабыл алынгыс көрүнүш. Айзаданын башына келген окуя анын үй-бүлөсү үчүн гана эмес, биздин жалпы мамлекетибиз үчүн бул чоң трагедия”, - деп белгиледи Жапаров.

Ал баса белгилегендей, кыз ала качуу менен никелешүүгө мажбурлоо мыйзам чегинде катуу жазаланышы керек.

"Айрыкча Ички иштер министрлигинин иши жөнүндө айтып кетким келет. Коомубузда мыйзамдуулук жана тартип биринчи орунда турушу керек. Муну эч ким унутпашы кажет. Айзада Канатбекованы ала качып, ага ушунчалык ырайымсыз мамиле кылган кайгылуу окуя, тарыхта ала качуунун акыркысы болушу керек”, - деп билдирди Жапаров.

Теолог Кадыр Маликовдун пикиринде, исламда кыз ала качуу чоң күнөө болуп саналат. “Айзаданын өлтүрүлүшү боюнча кабар бардыгынын үрөйүн учурду. Кылмыштын артында ала качуу салты тургандыгы кейиштүү. Бирок, дин жолунда жүргөн ар бир адам кызды ала качып, мажбурлап турмуш курууга дин тарабынан катуу тыюу салынарын билет. Бардык дин кызматкерлери мындай кадамды туура эмес деп эсептейт. Мындай мыкаачылыкка бүтүндөй коомчулук каршы турушу керек. Кыргызстандын муфтияты кызды ала качып үйлөнгөн убакта нике кыюуга тыюу салат. Мындай кылмыштарга карата жазаны күчөтүү керек. Кыргызстанда жаштар арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү талап кылынат. Өз кезегинде мен Айзада Канатбекованын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам”, - деп жыйынтыктады Кадыр Маликов.

Ошол эле учурда ар кандай эл аралык уюмдардын маалыматтары боюнча, Кыргызстанда дагы деле болсо кыздарды ала качуу системалуу түрдө кайталанып келет. Алардын көпчүлүгү кейиштүү аяктайт.

Философия илимдеринин доктору, профессор Кытайбек Утуровдун айтымында, кыз ала качуу - бул ар дайым оор кесепеттерге алып келген үй-бүлө куруунун таптакыр керексиз формасы.

“Мен көп жыл Кыз-келиндер педагогикалык институтунда эмгектендим. Андыктан бизде көбүн эсе кыздар билим алчы, ошондуктан ала качуу маселеси биз үчүн дайым курч бойдон турчу. Мен жашоомдо көптөгөн кыздардын, үй-бүлөлөрдүн талкаланган тагдырларын, адамдардын трагедияларын көрдүм. Мындай жол менен курулган үй-бүлөлөр көбү бактылуу эмес, түгөйлөр ажырашып кетишет. Акырында бардыгы жабыр тартат. Биз азыр өнүккөн, демократиялык коомдо жашап жатабыз жана ала качуу өзү эле мындай коомго жат көрүнүш. Тилекке каршы Бурулай жана Айзада мындай окуя туш болду, мындан ары бул кайталанбашы керек. Биз дагы, коомчулук дагы эртеңки жаш муундар мындай мыкаачылыкка жол бербеши үчүн бардыгын жасашыбыз керек”, - деп жыйынтыктады ал.

“Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий