• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Боинг–747” авиа кырсыгынан каза болгон жана жабыркагандардын туугандары Түркиянын «ACT Airlines» авиакомпаниясынан компенсация алуу үчүн документтерин ырасташууда

Өкмөт 0

Бишкек, 20-апрель /Кабар/. 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунда катталган “Боинг–747” авиакырсыгынан каза болгондордун жана жабыркагандардын жакын туугандары учурда Түркиянын «ACT Airlines» компаниясына таандык болгон учак кырсыкка учурагандыктан компенсация жана материалдык жардам алуу үчүн документтерин даярдашууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындары менен мамлекеттик нотариус иш алып барып, компенсациялардын деталдарын тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Бул процедуранын алкагында каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындарынын ар бири менен түрк авиакомпаниясынан алынуучу компенсация жана материалдык жардамга тийиштүү бардык суроолор такталууда.

Мындан сырткары, жакынкы аралыкта жабыр тарткандар үчүн жардам катары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине келген акча-каражаттарды бөлүштүрүү өнөктүгү башталат.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине түшкөн акча-каражатын бөлүштүрүү процесси курман болгон жана жабыркаган жарандардын кээ бир туугандарынын ортосунда акча-каражатын бөлүштүрүү принцибинде түшүнбөстүктөр жаралган үчүн кечеңдеп жатат.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча жарандардан атайын эсепке 100 млн. 499 миң 300 сом түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий