• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Борбор Азия өлкөлөрү жана Кытай Ишкерлер кеңешин түзүшөт

Коом 0

Бишкек, 19.05.23. /Кабар/. КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Сиань шаарында “Кытай-Борбор Азия 5+1” саммитинин алкагында иш сапары менен Кытайда жүрөт.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Кытайдын эл аралык соода Коммитентинин чакыруусу менен Кытай - Борбордук Азия Ишкерлер кеңешинин уюштуруу ассамблеясына катышуу пландаштырылууда, анда негизги тема Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Кытайдын ишкерлер кеңешин түзүү болуп саналат.

Мындан тышкары, КР Соода-өнөр жай палатасынын делегациясы Кытайдын бизнес чөйрөсү менен эки тараптуу жолугушууларды жана B2B сүйлөшүүлөрүн өткөрөт.

Белгиленгендей, Темир Сариев президент Садыр Жапаровдун Кытайдын ишкерлер чөйрөсү менен жолугушуусуна дагы катышты.

Пикир

Оставить комментарий