• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Борбор Азия мамлекет башчылары 27-ноябрда Ташкентте жолугушат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.11.19. /Кабар/. Борбор Азия өлкөлөрүнүн экинчи кеңешмеси 27-ноябрда Ташкентте өтөрү пландалууда. ТАСС агенттиги маалымдагандай, бул тууралуу Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев 12-ноябрда билдирген.

Назарбаев жолугушуу мурда белгиленгендей эле Ташкентте өтөрүнөн үмүт арткан.

Нурсултан Назарбаев Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан ортосунда чечилбеген маселелер бар экенин айткан. «Кагылышуулар болууда, кишилер өлүүдө», – деген ал.

2017-жылы Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 72-сессиясында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын бейформал жолугушуусун өткөрүүнү демилгелеген.

Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын биринчи кеңешмеси 2018-жылы мартта Казакстанда өткөн. Быйыл июлда Өзбекстан ТИМи экинчи жолугушуу күзүндө Ташкентте болорун кабарлаган.

Пикир

Оставить комментарий