• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

БШК эки депутатты жасалма диплом үчүн мандатынан ажыратты

Коом 0

Бишкек, 06.07.23. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов («Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы) менен Фарходбек Алимжановду («Альянс» фракциясы) мандатынан ажыратты. Буга алардын жогорку окуу жайды бүткөндүгү тууралуу диплому жасалма экендиги себеп болгон. Аталган чечим бүгүн Боршайкомдун жыйынында кабыл алынды.

Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков билдиргендей, Исмаилов жогорку окуу жайга кабыл алынган эмес, ал эми Алимжанов өлкөдө эместигине байланыштуу мамлекеттик экзаменди тапшырган эмес. Натыйжада ага жогорку окуу жайды буткөндүгү тууралуу диплом одоно бузуулар менен берилген.

Пикир

Оставить комментарий