• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Буриан: КР менен Евробиримдиктин мамилелериндеги жакынкы амбициялар – товар жүгүртүүнү 1 млрд. еврого чейин жогорулатуу

Экономика 0

Бишкек, 30.11.18. /Кабар/. Евробиримдик Кыргызстанды ПСЖ+ (Преференциялардын жалпы схемасы) макамынын мүмкүнчүлүктөрүн колдонууда колдоону улантууга даяр. Бул тууралуу бүгүн журналисттер менен жолугушуусунда Евробиримдиктин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан айтып берди.

Бул маселеге байланыштуу аракеттерди жана пландарды талкуулоо, анын айтымында кечээ тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен жолугушуу учурунда болгон. Мындан кийин диалог өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен улантылат.

“Бул системаны колдонуу процесси өндүрүштүн стандарттарын жогорулатуу процессин түшүндүрөт. Биз бул мамилебизде программаларыбыз аркылуу айыл чарба өндүрүшүнүн стандарттары жогорулап, биздин рынокко жеткиликтүүлүктү ача ала турган стандарттарга туура келишине жардам бергибиз келет”, - деди Буриан.

Евробиримдиктин Борбордук Азиядагы атайын өкүлү чечүүнү талап кылган экинчи маселе экспорттук өндүрүшкө сертификация алуу процесси экендигин белгиледи жана бул маселе бүтүндөй аймакка тиешелүү экендигин айтты.

“Киргизилип жаткан товарлар бул сертификацияны алышы биз үчүн өтө маанилүү жана ал жеткиликтүү болгон. Биз лабораториялар, кызматкерлерди эксперттик даярдоо жөнүндө сүйлөшкөнбүз. Ишкерлер айрым учурда өндүрүшүн сертификация үчүн башка өлкөлөргө жиберүү үчүн Түркияга барууга аргасыз болушат”, - деди ал.

Буриан ал айткан маселелер үстүбүздөгү жылдын 10-декабрында КРнын Евробиримдик менен кызматташтык кеңешинин отурумунда талкууланарын кошумчалады.

“Бул система иштеп, конкреттүү жыйынтыктарды алып келиши үчүн эмне кылыш керектиги тууралуу терең түшүнүк бар экендигин белгилеп кетүү керек. Белгилүү болгондой, кыргыз товарларынын европалык рынокко экспортунун көлөмү акыркы учурда дээрлик 3 эсе өстү. Жакынкы убакка амбиция – товар жүгүртүүнү 1 миллиард еврого көбөйтүү. Бул толугу менен мүмкүн жана ПСЖ+ (Преференциялардын жалпы схемасы) системасы буга көмөктөшөт”, - деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары эки тараптуу мамилелердеги мындай эффект Кыргызстанга экономиканы диверсификациялоого эана тышкы рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүккө жетүүгө жардам берет.

Маалымат үчүн: Кыргызстан ПСЖ+ (Преференциялардын жалпы схемасы) макамын 2016-жылдын январында алган. Ал бажы төлөмдөрүсүз 6 миң аталыштагы товарды европа рыногуна экспорттоого шарт түзөт. Мурда кыргызстандык экспорттоочулар үчүн бажы төлөмү 14,6 пайызды, жашылча-жемиштердин айрым түрлөрү боюнча 5-9 пайызды түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий