• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанга келген чет өлкөлүк жарандардын саны 2 эсеге көбөйдү

Коом 0

Бишкек, 23.08.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында республиканын чек арасын жарандык өлкөлөрү боюнча кесип өткөн чет өлкөлүк жарандардын саны (келүүлөр) 2,6 миллионду түзгөн. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 2 эсеге көп болгондугун Улуттук статистика комитети билдирет.

Статком Чек ара кызматынын маалыматына таянып билдиргендей, ошол эле учурда КМШ өлкөлөрүнүн жарандарынын чек араны кесип өтүүлөрүнүн үлүшүнө 97 пайыз же 2,5 миллиону туура келди. Алардын эң көп саны Өзбекстандын, Казакстандын жана Россиянын жарандарынын ичинде катталды.

Ал эми КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген чет элдик жарандардын саны 74 миңден ашты жана өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу 1,8 эсеге өстү. Чек араны кесип өтүүлөрдүн басымдуу бөлүгү Түркия, Германия, АКШ, Индия, Кытай, Монголия жана Сауд Аравиянын жарандарына туура келди.

2022-жылдын 1-июлуна карата республиканын аймактарында туризм чөйрөсү менен байланышкан экономикалык ишмердикти ишке ашырган 100 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъекттер (юридикалык жана жеке жактар) катталды. Катталган чарба жүргүзүүчү субъекттердин жалпы санынын 87 пайыздан ашыгы жеке ишкердик менен алектенишет.

2022-жылдын январь-июнунда туризм чөйрөсүндө түзүлгөн кошумча дүң нарк алдын-ала баалоо боюнча 10 млрд сомдон ашыгыраак же ИДПга карата 3,1 пайызды түздү.

Пикир

Оставить комментарий