• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Чүйдө айдоочуларга баңгизат ташууда каралган жоопкерчилик эскертилди

Коом 0

Бишкек, 11.07.23. /Кабар/. Чүй облусунда оор жүк ташуучу унаанын айдоочуларына баңгизат ташууда каралган жоопкерчилик жөнүндө маалымат берилди.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Кинология борбору менен биргеликте айдоочулар жүк жүктөөдө сак болушу керектигин, анткени айдоочу унаасындагы ар бир жүк үчүн жооптуу экендигин эскертишти.

Иш-чарада айдоочуларга каралган жоопкерчилик жана Кыргызстандын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген буюмдардын контрабандасы боюнча түшүндүрүп беришти.

"Мындан тышкары, жүк ташуучу унаалардын айдоочулары коңшу мамлекеттердин аймагында өзгөчө ири өлчөмдө баңгизат менен кармалганын фактыларды айтып беришти. Баарлашуунун жүрүшүндө айдоочулар Кызматтын ыйгарым укугуна кирген ар кандай суроолорду берип, милиция кызматкерлеринен тиешелүү жоопторду алышты. Өз кезегинде, айдоочулар Кызматтын кызматкерлери менен активдүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти",- деп айтылат маалыматта.

Түшүндүрүү иштеринин соңунда шектүү жүктөр тууралуу маалымат түшкөн учурларда айдоочуларга 102, ошондой эле 0312660616, 0312660244 номерлерине чалуу сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий