• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чүйдө каракчылар жубайлардын 310 миң долларын тоноп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 06.03.19. /Кабар/. Чүй облусунда белгисиз бирөөлөр жубайларга ок чыгарып, дээрлик 310 миң доллар алып кетишкен. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 6-мартта Аламедин райондук ИИБне жол кырсыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Маалым болгондой, Беш-Күнгөй айылында белгисиз бирөөлөр "Тойота-Харриер" үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусуна кол салып, дээрлик 310 миң долларын алып кетишкен. Унаанын ичинде 57 жаштагы С.Б., аттуу айдоочу жана 53 жаштагы С.М., аттуу жубайы болгон.

Алдын ала маалыматка ылайык, "Субару-Форестер" үлгүсүндөгү унаадан белгисиз адамдар тапанча менен чыгып, акчаны алып кетишкен.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынды.

Учурда тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилип, ыкчам-иликтөө иштери уланууда.

Жабыркагандар ар кандай жаракаттар менен аймактык ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий