• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чүйдө куткаруучулар тоодо жоголгон жаранды издеп табышты

Аймак 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. Чүйдө куткаруучулар тоодо жоголгон жаранды табышты, - деп кабарлайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Ведомствонун маалыматына караганда, 20-февралда 112 кызматына Аламүдүн районуна караштуу Аламүдүн капчыгайында 31 жаштагы А.У., аттуу жигит тоого чыгып дайынсыз жоголгондугу тууралуу билдирүү түшкөн.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн жерине төрт куткаруучу тартылып, аталган жаранды эки саат аралыгында издеп, аман-эсен табышкан.

Учурда жарандын абалы жакшы.

Пикир

Оставить комментарий