• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Чүйдө милиция мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн өзбекстандык жаранды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды, деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ал коомдук жайларда орнотулган сырткы видео байкоо камераларынын жардамы менен табылган. Р.Ш. аттуу жаран 18-мартта кармалып, тиешелүү кызматтарга өткөрүп берилди.

"2023-жылдын май айынан тартып Өзбекстандын укук коргоо органдары Р. Ш. аттуу жаранды Кылмыш-жаза Кодексинин 168 –беренеси 2-бөлүгү (Ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча издөө жарыялаган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий