• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ноокенде токой фондунун жери жеке жактарга мыйзамсыз берилген

Аймак 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. НоокендеТокой фондунун жерин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүп берген кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ноокен райондук прокуратурасы тарабынан КР министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Ноокен филиалында текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүдө Жер ресурстар кызматынын Ноокен филиалынын жооптуу кызмат адамдары КР токой фонду мамлекеттин гана менчигинде болгондугуна карабастан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, пайда көрүү максатында Тоскоол-Ата токой чарбасына караштуу мамлекеттик токой фондунун 0,15 га жер тилкесин К.К. аттуу жаранга жеке менчикке өткөрүшүп, ага менчик укугу тууралуу мамлекеттик актысын даярдап беришкендиги аныкталган.

Натыйжада, жогорудагы кызмат адамдарынын кылмыштуу аракеттеринен улам мамлекетке 2 млн 63 миң 35 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн кылмыш иш Ноокен РИИБнө тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий