• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Кубанычбек Асанов Нарын облусунун прокурору болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Нарын облусунун прокурору болуп Кубанычбек Асанов дайындалды.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жаңы жетекчи бүгүн, 18-мартта башкы прокурордун орун басары Улукбек Султанов тарабынан Нарын облусунун активине тааныштырылып, кызматына киришти.

Асанов Кубанычбек Жаанбаевич 1986-жылы 8-майда Ош шаарында туулган.

  • 2011-2013-жылдары Нарын шаарынын прокуратурасында;
  • 2013-2017-жылдары Нарын облустук прокуратурасынын изин суутпай издөө ишмердигин жана тергөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн улук прокурору;
  • 2017-2018-жылдары Ат-Башы районунун прокурорунун орун басары;
  • 2018-2021-жылдары Жалал-Абад облустук прокуратурасынын изин суутпай издөө ишмердигин жана тергөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
  • 2021-жылдан 2024-жылдын 15-мартына чейин Башкы прокуратуранын өздүк коопсуздук жана кызматтык териштирүү бөлүмүнүн улук прокурору кызматтарында үзүрлүү эмгектенген.

Мындан сырткары, Нарын облусунун прокурорунун орун басары болуп Төлөгөн Азизов жана Нарын шаарынын прокурору болуп Уланбек Тагаев дайындалып, кызматтарына киришти.

Белгилей кетсек, Нарын облусунун прокурору Алтынбек Аттокур уулу башка кызматка которулгандыгына байланыштуу кызматынан кеткен.

Пикир

Оставить комментарий