• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Чаткал районунун дыйкандары жогорку сапаттагы үрөн менен камсыздала баштады

Аймак 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун дыйкандары жогорку сапаттагы үрөн менен камсыздала баштады. Бул тууралуу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан билдиришкенин, райондук акимчиликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан Казакстандын "Карабалыкская-20" аталышындагы кайрак жерге эгилчү буудайдын 27 тонна үрөнү алып келинди.

"Бул үрөн буга чейин буюртма берген дыйкандарга берилет. Жакынкы күндөрдө Россиянын мыкты сапаттагы үрөнү дагы алынып келинмекчи", - деп айтылат билдирүүдө.

Кошумчалай кетсек, үрөндөр 2 жылдык мөөнөткө кредитке берилет.

Пикир

Оставить комментарий