• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Чек ара кызматы: Тажикстандык жоокерлер миномет жана гранатомёт колдонууда

Кырсык 0

Бишкек, 27.01.22./Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 27-январь саат 20:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдайт.

Такталган маалыматтар боюнча, Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана автожолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19:30да жол каттамы ачылган.

Бирок кайра эле саат 19:35тер чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан.

"Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлигинде болууда. Тажик тарап миномет жана гранатометторду колдонууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий