• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чек арадагы Борбордук айылында 225 окуучуга ылайыкташкан заманбап мектеп ачылды

Аймак 0

Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. Күн мурун, 4-апрелде, Лейлек районунун Борбордук айылында жаңы курулган мектептин ачылышы болду.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мектеп эки кабаттуу болуп, 225 окуучуга ылайыкташкан.

Мектептин ачылыш аземине облус башчысы Абдикарим Алимбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

"Өлкөбүздө билим берүү мекемелери канчалык көп болсо, ошончолук окуучуларыбыз сапаттуу билим алышат. Келечекте бул билим уядан чыгаан инсандар, профессорлор, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошо турган чыныгы кесипкөй адистер тарбияланып чыгуусуна тилектешмин", - деген облус башчысы Абдикарим Алимбаев.

Иш-чаранын жүрүшүндө облус башчысы баштаган жетекчилер жаңы имарат менен кеңири таанышып чыгышты.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын май айында өлкө башчысы Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында аталган билим уясынын жаңы имаратынын пайдубалына капсула салган.

Ошондой эле облустун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү максатында чечим чыгарып, 8 социалдык объекттин курулуш иштерине жана капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн республикалык бюджеттин эсебинен 250 млн сом акча каражатын бөлүп берген.

Өлкө башчынын чечимине ылайык, 4-апрелде Лейлек районунун Кулунду айылында балдар бакчасы, Чурбек айылында дагы бир 225 орундуу типтүү мектеп ачылып, пайдаланууга берилди.

Мектеп буга чейин “Хамза” орто мектеби болгон болсо, эми ага залкар жазуучу Ч. Айтматовдун ысмы ыйгарылды.

“Хамза” орто мектебинин эски имараты 1970-жылы 320 орундуу болуп колдонууга берилген. Анын эскилиги жеткендигине байланыштуу жаңы мектеп куруу зарылчылыгы жаралган. Натыйжада 225 орундуу жаңы мектеп 65 млн сомго курулуп бүттү.

Пикир

Оставить комментарий