• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын 1-этабындагы башкы байгелердин жеңүүчүлөрү - тизме

Экономика 0

Бишкек, 03.07.23. /Кабар/. 1-июлда Ала-Тоо аянтында Салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын башкы байгелери ойнотулду.

Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, түз эфирдин жүрүшүндө 10 электромобилдин жана чет өлкөгө 3 жолдомонун ээлери аныкталды.

Утушка "Салык чек" тиркемеси аркылуу сканерден өткөрүлгөн кассалык чектердин суммасынан түзүлгөн 6,5 миллиондон ашык ID- номерлери менен 238 миңден ашык жаран катышты.

Жеңүүчүлөр сандарды туш келди тандоо ыкмасы (рандом) менен аныкталды.

Атап айтканда, 10 электромобилдин ээлери болуп төмөнкүлөр аныкталды:

– Назира Султанбекова;
– Уланбек Матмусаев;
– Улан Сарымсаков;
– Марина Осмоналиева;
– Руслан Азималиев;
– Үмүт Акматова;
– Асель Асанбекова;
– Даулет Кадыркулов;
– Чынара Кахарова;
– Зарина Мамутова.

Ошондой эле, 3 бактылуу адам Дубайга жолдомо (эки кишилик) утуп алышты:
– Улугбек Абдуллаев;
– Азат Насиров;
– Джаныбек кызы Алтынай.

Утуштар УТРКда, Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлдү, ошондой эле эстрада жылдыздарынын катышуусунда кызыктуу шоу-программа жана концерт менен коштолду.

Иш-чарага келген көрүүчүлөр үчүн гана кошумча 15 заманбап смартфон ойнотулду.

Белгилей кетсек, 26-июндан 1-июлга чейин өткөн лотереянын биринчи этабында жалпысынан 1183 байге ойнотулду. Анын ичинен 26-30-июнь күндөрү Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде 500 iPhone14, 500 смартфон, 150 ноутбук жана 20 Дайсон маркасындагы фен ойнотулду. Ал эми 1-июлда Ала-Тоо аянтында 10 электромобилдин жана чет өлкөгө 3 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий