• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Чоң Чүй каналынан белгисиз адамдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 10.10.22. /Кабар/. Чоң Чүй каналынан белгисиз адамдын сөөгү табылды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, "102" кызматына Чоң Чүй каналынын Лермонтов көчөсү менен кесилишинде болжол менен 40-45 жаштагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, сөөктү суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий