• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Чолпон-Ата жана Ош шаарларында Ноорузга арналган ат оюндары өтөт

Спорт 0

Бишкек, 09.03.21. /Кабар/. Чолпон-Ата жана Ош шаарларында Нооруз майрамына арналган ат оюндары өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, ат оюндары 16-марттан 21-мартка чейин өткөрүлмөкчү.

Атап айтсак, көк бөрү, эр эңиш, салбуурун жана ат чабыштын түрлөрү боюнча мелдештер өтөт.

Оюндар республиканын бардык аймактарында спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана мыкты командаларды, спортчуларды тандоо максатында өткөрүлүп жатат.

Иш-чаранын уюштуруучулары Спорттун улуттук турлөрү боюнча дирекциясы, Кыргыз Республикасынын көк бөрү, аргымак, салбуурун, эр эңиш федерациялары.

Ат оюндары Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда жана «Төлөйкөн» ат майданында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий