• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Чычкан капчыгайында унаа ташыган трал жол кырсыгына кабылды

Кырсык 0


Бишкек, 22.07.23. /Кабар/. Бүгүн, 22-июлда Бишкек - Ош унаа жолунунун Чычкан капчыгайында унаа ташыган трал жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, айдоочу уктап кетип унааны башкара албай жарды сүзгөн. Болжолдуу маалыматтар боюнча кырсыктан эки адам каза болгон.

ЖКККББ азыркы учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталып жатканын жана кошумча маалымат берилет билдирди.

Пикир

Оставить комментарий