• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чыгарылган датасынан тартып 25 жылдан ашкан жарандык аба кемелерин колдонууга тыюу салынды

Өкмөт 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Чыгарылган датасынан тартып 25 жылдан ашкан аба кемелерин Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрине киргизүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кабыл алынган чечимге ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрине киргизилүүчү жүк аба кемелерин чыгарылган датасына карата чектөө жана ага байланыштуу колдонуу мөөнөтү кайра каралып чыкты.

Документ жарандык авиацияны өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын аймактарынын калкына товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынды.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын жүк аба кемелери тарабынан жүргүзүлгөн өлкөнүн товар жүгүртүүсүн жогорулатып, авиациялык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жана чет өлкөлүк авиакомпаниялар менен күчтүү атаандаштык түзүүнү шарттайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, чыгарылган датасынан тартып 50 жылдан ашпаган, коммерциялык жүк ташууларга арналган аба кемелеринен тышкары, чыгарылган датасынан тартып 25 жылдан ашкан аба кемелерин Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрине киргизүүгө; чыгарылган датасынан тартып 50 жылдан ашкан жүк ташуучу аба кемелерин эксплуатациялоого; чыгарылган датасынан тартып 40 жылдан ашкан, мурда Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрине киргизилген аба кемелеринде жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынды.

Мындан тышкары киргизилген өзгөрүүлөргө ылайык учууга жараксыздыгына байланыштуу акыркы 2 жыл ичинде учпай турган аба кемелери Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестринен чыгарылат.

Пикир

Оставить комментарий