• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чылым чегүүгө болбойт. Коронавируска ПЧР-тест тапшырууга кантип даярдануу керек?

COVID - 19 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Коронавируска ПЧР-тест тапшырууга кантип даярдануу керек? деген суроого жооп беребиз.

Изилдөө үчүн мазок тамак бездеринен, таңдай жана кулкундан алынат. Үлгү мурун көңдөйүнөн алынганда зонд жетишерлик тереңдикте киргизилет.

ПЧР-тесттин жыйынтыгынын тактыгы мазок алуу эрежелерин сактоодон көз каранды.

Кулкундан мазок алардын алдында кеминде 3 сааттай:

  • тамактанууга
  • суюктук ичүүгө
  • тишти тазалоого
  • оозду/тамакты чайкоого
  • ооз көңдөйү үчүн сергитүүчү спрей колдонууга
  • сагыз чайноого
  • чылым чегүүгө болбойт.

Мурун көңдөйүнөн мазок алганга чейин кеминде 3 сааттай:

  • мурунду жууганга
  • мурун үчүн спрейлерди, тамчыларды, майларды колдонууга болбойт.

Мазок алууга 2 күн калганда алкоголдук ичимдиктерди ичпей туруу сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий