• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

COVID-19. Бишкектин Свердлов районунда мечиттер текшерилди

Коом 0

Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. Бишкектин Свердлов акимиаты мечиттерде санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо боюнча рейд өткөрдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, муниципалдык аймактык башкармалыгынын жана Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Уюштуруучулар коронавирус инфекциясынын жайылуусунун алдын алуу, беткап тагынуу, санитардык эрежелерди сактоо боюнча плакаттарды таркатышып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

"Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз өзүңүздү жаман сезсеңиз, 118 колл-борборунун дарыгерлерине кайрылыңыздар, алар сиздерге сөзсүз кеңеш беришет. Биздин операторлор сизге ар дайым жардам берүүгө даяр. Беткап тагынууну, колуңузду антисептик менен тазалоону, аралыкты сактоону жана албетте иммундук системаңызды чыңдоону унутпаңыздар", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий