• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

COVID-19. Кыргызстандын аймагына кимдерге кирүүгө жана чыгууга болот?

Коом 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Республикалык штаб өлкө аймагына кимдерге кирүүгө жана чыгууга уруксат берилгени тууралуу маалымат берди.

Төмөнкү жарандарга өлкө аймагына кирүүгө уруксат берилет:

- КРдагы чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин аккредитацияланган же дайындалган кызматкерлерине;

- КРнын аймагында жайгашкан эл аралык уюмдардын жана алардын өкүлчүлүктөрүнүн аккредитацияланган же дайындалган кызматкерлерине, ошондой эле аталган кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө (алардын келгендиги жөнүндө КР ТИМ аркылуу алдын ала маалымдалганда);

- Чет мамлекеттердин жарандарына жана Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин консулдук мекемелеринин же Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин жана дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн расмий кайрылууларынын негизинде жарандыгы жок адамдарга (КР ТИМдин алдын ала маалымдоосу аркылуу);

- КРнын ТИМдин чакыруусу боюнча КРга жөнөтүлгөн чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын делегация мүчөлөрүнө;

- Чектеш мамлекеттердин (Казакстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы) аймагындагы темир жолдо күндөлүк ишти камсыздашкан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине;

- Чет өлкөлүк адистер - Кыргыз Республикасынын Эмгек визалары бар чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар («W1» жана «W2»);

- Эл аралык жүктөрдү ташыган айдоочулардан, аба кемелеринин экипаждарынан жана учуучу курамынан, эл аралык темир жол каттамдарынын поезддик жана локомотивдик бригадаларына;

- Чет элдик адистер – ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары-Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын расмий кайрылуусу боюнча;

- Чет мамлекеттердин жарандары жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрү болуп саналган жарандыгы жок адамдар (жакын туугандык байланыштарын – күйөөсү (жубайы), алардын ата-энелери, балдары, чоң ата, чоң энелери экендигин документ менен ырастаган шартта).

Өлкө аймагынан чыгуу:

- Кыргыз Республикасынын жарандарына карата Кыргыз Республикасынан чыгууга чектөөлөр жок. Бирок суроолор пайда болгон учурда чет мамлекеттердин консулдук мекемелеринен кеңеш (маалымат) алуу керек.

- Чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынан чыгуусуна чектөөлөр жок.

Визалык алака бар мамлекеттин жарандарына Кыргыз Республикасынан визасыз чыгуу режими 2020-жылдын 1-июлуна чейин иштейт.

Пикир

Оставить комментарий