• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 16 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 27.07.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 16 млн 264 миң 48 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, коронавирусту жуктургандардын ичинен 648 миң 966 киши каза болгон. Ал эми 9 млн 407 миң 977 адам илдеттен айыкты.

АКШда − 4 млн 234 миң 140 киши, Бразилияда − 2 млн 419 миң 91, Индияда – 1 млн 435 миң 616, Россияда − 811 миң 73, Түштүк Африкада − 445 миң 433, Мексикада − 390 миң 516, Перуда − 375 миң 961, Чилиде − 345 миң 790, Улуу Британияда − 301 миң 20, Иранда – 291 миң 172 адам жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий