• 86.2
  • 91.64
  • 0.89

Дагы бир алтын! Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 08.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын алтын медалын багындырды. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Жуманазарова өзүнүн салмагында (68 кг) мелдештин тандоо турунан баштап катышты. Ал алгач кореялык Минжи Ха менен күрөшүп, анын далысын жерге тийгизүү менен таза жеңишти камсыздады. Чейрек финалда канадалык Оливия ди Бакко менен кезек келди. Мекендешибиз 7:1 эсебинде атаандашын жеңип, жарым финалга көтөрүлдү.

Финалга чыкчу кармашууда кыргызстандык спортчу Россиядан келген Ханум Велиевага каршы чыкты. Биринин артынан бири упай топтоп келе жатып, россиялык спортчу алдыга озуп кетти. Бирок акыркы мүнөттөрдө Жуманазарова чамданып, утуп алды.

Алтын үчүн күрөштө мекендешибиз япониялык Рин Мияжинин далысын жерге тийгизүү менен таза жеңишти камсыздады.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Осло шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова алтын, Айпери Медет кызы (кыз-келиндер арасында) коло, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов (эркин күрөш) коло медаль багындырды.

Кыргызстандын атынан Дүйнө чемпионатына жалпы 15 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий