• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Дарысы жок дарт менен күрөшүп жаткандарга таазим! Боронов ак халатчандарга ыраазычылык билдирди

Өкмөт 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Кубатбек Боронов өкмөт үйүндө өткөн брифингде өлкөдөгү акыркы эпидемиологиялык кырдаал боюнча маалымат берип жатып коронавирус менен күрөштө жалпы медицина кызматкерлеринин эмгеги зор экендигин билдирди.

Өкмөт башчы өз сөзүндө дарысы жок дарт менен күрөшүп жаткан баардык ак халатчандарга терең ыраазычылык билдирди.

"Чарчоого карабай тикесинен тик туруп, ар бир бейтаптын өмүрү үчүн күрөшүп жаткан саламаттык сактоо кызматкерлерине кандай алкыш айтсак да жетишсиз. Алар баа жеткис кызмат кылып жатышат. Биздин кичинекей өлкө эле эмес, бүт дүйнө медицинасы пандемиянын алдында алыс болуп жатат. Тилекке каршы, медиктерди вирустан сактай албай жатабыз. Азыркы учурда коронавирус жуктурган медиктердин саны 921ге жетти. Алардын ичинен 464ү айыгып, өз иштерине кайрадан киришти", - дейт ал.

Премьер-министр коронавирустан медицина кызматкерлери каза болгондугун эске салып, адам өмүрү үчүн жан үрөп жаткан медицина кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирди.

"Өкмөт биринчи күндөн тартып медиктерди жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз кылуу жана кошумча төлөмдөрдү төлөп берүүнүн үстүндө иштерди жүргүздү. Атап айтсак, өкмөт медицина кызматкерлеринин статусуна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жетишти. Мыйзам 2020-жылдын 21-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынып, президент тарабынан кол коюлду. Учурда өкмөт медицина кызматкерлерине кошумча төлөмдүн өлчөмүн жогорулатууну пландоодо. Жакынкы арада бул боюнча да кошумча маалымат берилет", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий