• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Депутат: Долларга байланыштуу азык-түлүккө бааны көтөрүшөт, ал эми курс түшкөн соң баа ылдыйлабайт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Акыркы убакта доллардын кымбатташына байланыштуу күнүмдүк керектелүүчү товарларга болгон баа көтөрүлдү. Азыр доллардын курсу туштү, бирок баалар ошол эле бойдон калууда. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.

Анын айтымында, доллардын курсу 105 сомго жеткен, азыр 85 сомго түштү.

Эл өкүлү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан бул маселени карап чыгууну суранды.

“Долларга байланыштуу баалар тез эле көтөрүлүп кетет, ал эми бааны ылдыйлатканды унутуп калышат же түшүргүлөрү келбейт. Дайыма эле ушундай болуп келген”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий