• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Депутат Кыргызстанда 2010-жылдан бери президенттик башкаруу формасы болуп келгенин айтат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.12.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков Кыргызстанда 2010-жылдан бери президенттик башкаруу формасы болуп келгенин айтат.

Жогорку Кеңештин жыйынында Алимбеков президентке жоопкерчилик жүктөлбөгөндүктөн бир катар премьер-министрлер алмаштырылгандыгын билдидрди.

"Мен референдумду колдойм жана аны тезирээк өткөрүү керек", - дейт ал.

Депутат башкаруу формасы боюнча референдум жөнүндөгү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өтүп кетсе, анда Конституциялык кеңешме президенттик башкарууну үгүттөбөшү үчүн ишин токтотушу керектигин белгилейт.

Ошондой эле референдумду өткөрүүнү колдоп Анвар Артыков жана Төрөбай Зулпукаров да чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий