• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Депутат Тазабек Икрамов күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 5-орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 06.10.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов дүйнөлүк грек-рим күрөшү боюнча чемпионатта коло үчүн болгон беттеште утулуп калып, 5-орунду ээледи. Мелдеш Россиянын Пермь шаарында өтүүдө.

Икрамов 78 кг салмактын категория боюнча 41ден 45 жашка чейинки мушкерлер арасында мелдешке катышкан, - деп жазылат мелдештин расмий сайтында.

1/8 финалда Тазабек Икрамов Түркиянын өкүлүн жеңип, ¼ финалда Швециянын мушкеринен утулуп калган.

Коло медаль үчүн болгон мелдеште Тазабек Икрамов Россиялык спортчудан жеңилип калып, бешинчи орунду ээледи.

“Алтын” жана “күмүш” медалды 78 кг чейинки салмактык категория боюнча Швециянын өкүлү утса, колону россиялык спортчу багындырган.

Пикир

Оставить комментарий