• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Дордой” базарында мыйзамсыз кумар ойноочу жай ачыкталды

Коом 0

Бишкек, 04.10.17. /Тумара Туратбекова - Кабар/. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жүргүзгөн рейдинин алкагында “Дордой” базарында мыйзамсыз кумар ойноочу жай ачыкталган.

Каржы полициясынан кабарлашкандай, учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн бардык аймактарында мыйзамсыз кумар оюндарын ойнотуучу жайларды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Эске сала кетсек, 2012-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда кумар оюндарына тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий