• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Достук жеңди: Көк бөрү оюнчулары ДКОнун финалдык оюнунан кийин кара жорго бийлешти (видео)

ДКО 2018 0


Бишкек, 08.09.18. /Кабар/. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын көк бөрү боюнча финалдык беттешинен кийин курама командалар турнирдин аякташын салтанаттуу кечки тамак менен майрамдашты.

Казактардын командасынын башкы машыктыруучусунун жардамчысы, АКШдан келген спортчулар жана россиялык командалардын оюнчуларынын кара жорго бийлеп жатканы видеого түшүп калган. Видеону Инстаграм социалдык тармагындагы баракчасына Кыргызстандын көк бөрү федерациясы жүктөгөн.

Эске салсак, Кыргызстан жана Өзбекстандын курама командаларынын ортосундагы финалдык оюн кечээ, 7-сентябрда Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданында өткөн. Жыйынтыгында кыргыз тарап 32:9 эсеби менен чемпион аталган.

Ал эми көк бөрү боюнча коло медалды Казакстандын курама командасы утуп алган. Турнирге 4 топко бөлүнгөн 12 команда катышкан. Чучугулактын жыйынтыгы боюнча топтор төмөндөгүдөй болуп түзүлгөн:

А тобу: Кыргызстан, Алтай, Монголия;

В тобу: Москва, Кытай, Афганистан;

С тобу: Казакстан, АКШ, Красноярск;

D тобу: Башкортостан, Франция, Өзбекстан

Турнирдин жалпы байге фонду 6 миллион 200 миң сомду түздү. 1-орунга - 3 миллион сом, 2-орунга - 1,5 миллион сом, 3-орунга - 1 миллион сом.

Пикир

Оставить комментарий