• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

ЕБ БА боюнча атайын өкүлү Терхи Хакала Баткен облусу менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар

Аймак 0

Бишкек, 27.02.22. /Кабар/. КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков ЕБ Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Терхи Хакала жетектеген Европа Биримдигинин делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу Баткен облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда чек ара аймактарындагы көйгөй жараткан социалдык маселелерди чечүү жолдорун жана Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташуусу талкууланды.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Жаныбек Исаков алгач Баткен облусунун аймагынын чек ара аймактарындагы абал жана жүргүзүлүп жаткан иш аракеттер боюнча маалымат берди. Өз кезегинде Терхи Хакала Баткен облусу менен ар тараптуу кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Европа Биримдигинин “Борбор Азиядагы чек араны башкарууга көмөк көрсөтүү” программасынын алкагында тараптар тарабынан кенен маалымат берилди. Аталган программа аймактагы коопсуздукту, стабилдүүлүктү жана туруктуу өсүштү камсыз кылуу, ошондой эле чек ара кызматташтыгын колдоо менен Борбордук Азиянын чек ара аймактарында жашаган калктын жашоо шарттарын жакшыртууну максат кылат.

Пикир

Оставить комментарий