• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Эки окуучуну сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 22-апрель /Кабар/. Кечээ эки окуучуну сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу КР ИИМден билдиришти.

Тергөө кызыкчылыгында анын аты-жөнү азырынча аталбайт.

Кырсыктан соң айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. ИИМ ыкчам кармоо операциясын жарыялаган. Агенттикке билдиргендей, жол кырсыгынын күнөөкөрү шаардан тышкары унаасын таштап, качып кетүүгө аракет кылган.

Окуучуларды сүзүп кетүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий